Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Кремль Навальныйдын эски айыбын козгоду


Орусиялык блогчу жана оппозициячыл лидер Алексей Навальный токойчулук фирмасынын каражатын уурдады деп айыпталды жана ага Москвадан эч жакка чыкпоо буйрулду. Орус бийликтери ай башында Навальныйга эки жыл мурдагы эски тергөө ишин кайра ачкан эле. Тергөөчүлөрдүн айтышынча, Киров облусундагы токойчулук фирмасы 2009-жылы апрель-август айларында Навальныйдын аракетинен улам 1 миллион рубль же 30 900 доллар зыян тарткан. Ал кезде Навальный облус губернаторунун кеңешчиси болчу. Эгер 36 жаштагы Навальныйдын айыбы ырасталса, 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Ал президент Владимир Путинге каршы нааразылык акциясын уюштурганы үчүн эки жолу кыска мөөнөт абакта отуруп чыккан.

Навальный бүгүн ага айып тагылардан бир аз мурда Москванын Хамовнич райондук сотунда Pussy Riot тобунун үч кызынын үстүнөн болуп жаткан сотту орто кылымга мүнөздүү көрүнүш деп сындаган:

- Хамовнич сотунда болуп жаткан жараяндар мыйзамга такыр сыйбайт. Береги кыздар жасаган иштер майда бейбаштык саналат. Алар камоодо отурбаш керек. Бул орто кылымга таандык көрүнүш.

Pussy Riot тобунун мүчөлөрү Надежда Толоконникова, Мария Алехина жана Екатерина Самуцевич кечээ чиркөөдө президент Путинди шылдыңдап, панк-зыярат өткөрүшкөнүн “этикалык жаңылыштык” деп таанышып, бирок өздөрүнө каршы кылмыш иши саясий максатты көздөйт дешкен. Айыпкерлердин адвокатынын сөзүнчө, сот мыйзамды бузуу менен өткөн, убактылуу абак жайда кыздарга тамак-аш, суу бербей жана уктатпай кыйнап жатышат.

XS
SM
MD
LG