Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:32

Сириянын ири шаары Алепподо катуу уруш жүрүүдө

31-июлда тикучарлар жана артиллерия колдогон өкмөттүк аскерлер козголоңчулардын өңүттөрүнө чабуул коюуну улантты. Эрегишчилер Алеппонун негизги бөлүгүнөн аскерлер артка кайтарылганын, азыр алар шаардын чыгыш жана түштүк-чыгыш аймактарын көзөмөлдөп турушканын маалымдашты. Бул кабарды көз карандысыз булактар ырастай элек.

2 миллион элдүү Алеппону миңдеген адамдар таштап кеткенин БУУ билдирди. Эл аралык мартабалуу уюмдун Качкындар агенттигинин кабарлашынча, шаар ичинде 18 миң адам там-жайын таштап, үй-жайсыз жүрөт.
XS
SM
MD
LG