Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Олимпиадада Германия алгачкы алтын медалды утту


Лондондо Жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатканына төрт күн болууда. Бүгүн командалык ат оюндарында германиялык чабандестер өлкөсүнө алгачкы алтын медалды утуп беришти. Британ чабандестери күмүш, Жаңы Зеландиянын командасы коло медалды жеңди. Чабандестер бул мелдеште жорго жүрүш, күлүк жарыш жана тоскоолдуктан секирүү боюнча чеберчилик сынашты. Германиянын маалымат булактарынын ырасташынча, немис спортчулары Лондон олимипадасында акыркы 44 жылда болуп көрбөгөндөй чабалдыкты көрсөтүшүүдө.

Кыргызстандык спортчулар азырынча байгелүү орундарга илинбей жатышат. Бүгүн Дмитрий Александров 200 метрге сүзүүдө боюнча алгачкы тандап алуу сынагынан өтпөй калды.

XS
SM
MD
LG