Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын конгресси өз ишин баштайт


Бүгүн Бишкекте бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын алгачкы конгресси башталат. Бул иш-чараны "Замандаш" ассоциациясы уюштурууда.

Иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген 800 делегат катышат. Алардын беш жүзү чет өлкөлөрдө жашаган жана этникалык кыргыздар болсо, калгандары Кыргызстандан катышат. Конгресс 4-августка чейин уланат.

Конгресс Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Мында пленардык жыйындар болуп, өзөктүү документтер кабыл алынат. Ага ылайык, бүткүл дүйнөлүк кыргызстандык жана мекендештердин конгрессин түзүү боюнча декларация, анын концепциясы иштелип чыгат жана бул органдын атынан кайрылуу кабыл алынат. Андан соң конгресстин экинчи, үчүнчү күнүндө иш-чаралар Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Ушундай эле чет жердеги кыргызстандыктардын башын кошкон “Мекендештер” форуму 2-августта Бишкекте башталат. Аны мурдагы президент Роза Отунбаеванын фонду уюштурууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG