Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Кыргызстанда донорлук кан жетишпей жатат


Кыргызстанда ыктярдуу кан донорлору азайып, ооруканаларда кан тартыштыгы сезиле баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев билдирди.

Анын айтымында, борбордо сакталган донордук кандын запасы күн сайын төмөндөп, аны өлчөмү мурда белгиленгенден эки эсеге азайып кетти. Буга байланыштуу Бишкектеги гемотологиялык оорулар, күйүк жана травма алгандарды дарылагандар ооруканаларда донордук канга муктаждык сезиле баштады. Мындан улам Кан борбору менен Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды ыктыярдуу түрдө кан тапшырууга чакырууда.

- Негизинен кан борборуна 80-90 донор кан берип келсе, азыр бул сан 15-20га чейин төмөндөп кетти. Мындан улам бардык каалоочуларды кан тапшырууга чакырабыз.

Ушул тапта өлкөдө 3049 ардактуу донор катталган. Мыйзам боюнча бир кан берүүгө - 300 сом, плазмага – 500, иммундук плазма тапшыргандарга – 700 сом төлөнөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG