Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

АКШ 2011-жылды терроризмге каршы күрөштүн “маанилүү жылы” деп атады


Мамлекеттик департаменттин жылдык отчетунда өткөн жылы 2-майда "ал-Каиданын" ана башы Усама Бин Ладендин өлтүрүлүшү терроризмге каршы аракеттердин “бурулуш учуру” болгону айтылат. Ошол эле маалда докладдын авторлору "ал-Каида" жана анын өнөктөштөрү АКШнын коопсуздугуна коркунуч туудурган уюм бойдон кала берүүдө деп эскертишет. "Экстремисттик топтор Пакистанда баш калка табышууда, Иран болсо терроризмди сүрөөнгө алган өлкө катары өзгөчө камтама жаратат", - деп айтылат отчетто. Мамлекеттик департамент Домодедово аэропортундагы жардырууну жана Норвегияда ашынган оңчул Брейвиктин кол салуусун терроризмдин глобалдык масштабын далилдеген окуялар катары келтирет.

XS
SM
MD
LG