Сириянын Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр козголоңчуларга каршы тик учактар менен артиллерияны колдонгону кабарланууда. Мамлекеттик телеканал армия шаардагы “террористтердин тобун” сүрүп чыгарууга аракеттенүүдө деп маалымдады. Козголоңчулар болсо президент Башар Асадга жан тарткан күчтөр Алеппонун негизги пункттарынан чегинүүгө аргасыз болушканын ырасташууда. Ал тапта БУУ 18 миңдей карапайым киши салгылашуулардан улам шаар ичинде жер которгонун билдирди.
"Сириянын көп калктуу Алеппо шаарындагы тынбай жаткан куралдуу зомбулук бизди өзгөчө камтама кылууда. Үрөйү учкан миңдеген киши мектеп, мечит, башка коомдук имараттарда баш калка издөөгө мажбур. Алар шаардан кача албай калгандар", - деди Качкындар боюнча Жогорку комиссариаттын маалымат өкүлү Мелисса Флеминг.
Сириядагы абалды кечээ түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен АКШ президенти Барак Обама телефондон талкуулашты.