Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Ооганстанга жүк ташууну жөнгө салган келишимге кол коюлду


Пакистан менен Кошмо Штаттары НАТОнун Ооганстанга жана Ооганстандан жүк ташууну жөнгө салган келишимге кол коюшту. Америкалык жогорку даражалуу дипломат Ричард Хоагланд документти “конкреттүү жана позитивдүү кадам” деп сыпаттады. Келишим НАТОго Пакистан аймагы аркылуу курал-жарак жана ок-дармек ташууга жол бербейт. Бирок Ооган армиясына багытталган аскердик жабдык алып өтсө болот.

АКШнын Исламабаддагы элчилиги макулдашуу 2015-жылга чейин түзүлгөнүн билдирди. Былтыр ноябрда Түндүк альянстын аба соккусунан пакистандык 24 жоокер набыт кеткенден кийин Пакистан Ооганстан менен чек арасын НАТОнун кербендери үчүн жаап салган. Өткөөл июлда Вашингтон окуя үчүн кечирим сурагандан кийин ачылган.

XS
SM
MD
LG