Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

“Ата Мекен”: Өкмөттү кетирүү бир адамдын гана демилгеси эмес


Бүгүн парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин кеңешчиси Нурдин Дүйшөнбеков билдирүү таратып, өкмөттү кетирүү бир гана депутат Өмүрбек Текебаевдин демилгеси эместигин, бул маселени колдоп 45 депутат кол койгонун эскертти. Ал өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү бул маселени жеке адамдардын кайым айтышуусуна айлантып жатат деп сынга алды.

Буга чейин өкмөт башчынын басма сөз катчысы Султан Каназаров азыр өкмөттү кетирүү демилгесинин көтөрүлүшү логикага жатпай турганын, коалицияга кирген депутаттар өкмөт менен түздөн түз иштешүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымат каражаттарына билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG