Бүгүн социалдык коргоону реформалоо үчүн түзүлгөн жарандык демилгелердин коалициясы министр Равшанбек Сабировду үй камагына чыгарууга кепилдик берген депутаттарды сынга алып, билдирүү таратты. Анда балдарды чет өлкөгө асыроого берүүдө коррупциялык схемалардын учугу чыгып жатканда депутаттардын бул аракети тартип коргоо органдарынын ишине кийлигишүү, өз ыйгарым укуктарынан аша чабуу катары сыпатталган.
Июлдун башында камакка алынган социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров 25-июлда сегиз депутаттын кепилдиги менен үй камагына чыгарылган. Башкы прокуратура министр менен анын жардамчысы кызматынан кыянаттык менен пайдаланып акча өндүргөн деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат бул акча кыргызстандык балдарды башка өлкөгө асыроого берүүнү уюштурган чет өлкөлүк фирманы каттоо үчүн талап кылынганын билдирген. Сабиров өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып келет. (KKs)