Кыргызстандык кыздар менен турмуш курган пакистандык күйөө балдардын ассоциациясы түзүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Пакистандагы элчисинин орун басары Кубанычбек Токторбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Пакистан жарандарына турмушка чыккан 56 кыргызстандык кыз-келин бар. Алардын балдары сексенден ашат.
Маалыматка ылайык, элчилик пакистандыктарга турмушка чыгып, кыйын кырдаалга кабылган кыргыз кыз-келиндерине жардам берүүнү улантууда. Жакында кыргызстандык Нуржамал Темирова пакистандык күйөөсү мыйзамсыз алып кеткен эки уулун кайра мекенине кайтарып келди. (KKs)