Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Ысык-Көл районунда туристтик фирманын кызматкери өлтүрүлдү


Ысык-Көл районунда туристтик фирмада иштеген кыздын өлүгү табылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

20 жаштагы кызды өлтүргөн деп 26 жаштагы шектүү киши кармалып, кылмыш иши козголду. Усубакуновдун айтымында, шектүү адам мас абалында кызды зордуктоого аракет жасаган. Андан соң кызды Чолпон-Ата шаарынын Бижай микрорайонундагы алма бактын арасында башын таш менен жанчып өлтүргөн.

Өлтүрүлгөн кыз жайында акча табуу максатында Ош шаарынан Чопон-Атага келип, “Саякат-Туризм” фирмасында менеджердин жардамчысы болуп иштеп жүргөн. (MK)

XS
SM
MD
LG