Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Олимпиадада 8 бадминтончу кыз спорттук эрежени бузду деп айыпталууда


Эл аралык Бадминтон федерациясы бул кыздардын жүрүш-турушун иликтей баштады. Кытай, Түштүк Корея жана Индонезиянын бадминтончу 8 кызы чейрек финалга чыгып жатып, акыркы таймаштарда атайын начар ойногону айтылууда. Алардын максаты – кийинки таймаштарда өзүнө ыңгайлуу атаандаштарга жетүү болушу мүмкүн. Оюн жүрүп жатканда алардын мындай аракетин байкап калган күйөрмандар нааразы болуп, ышкырып жатышты. Кытай курама командасы бул окуя боюнча өзү иликтөө жүргүзөрүн билдирди. Эл аралык олимпиада комитетинин этикалык кодексине ылайык, спортчу кандай гана кырдаал болбосун таймашта болгон күчүн көрсөтүүсү керек.

XS
SM
MD
LG