Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Шашылыш билдирүү: Сел коркунучу сакталууда


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 4-августка чейин республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

2-августта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Шамал түндүк-батыштан ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30 градус ысык болот.
Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28 градус,
Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29 градус,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31 градуска чейин ысыйт.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…15, күндүз 19…27 градустун тегерегинде жылып, аймактарга жараша өзгөрүп турат.
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус жылуу болот.

2-августта Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 16…18, күндүз 27…29 градус болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 31-июлда күндүз 23, ал эми 1-августта эртең менен 21 градус жылуу болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG