Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Баткенде чек арачы сууга агып кетти


Баткендин Исфана шаарындагы Чек ара аскерлигине тиешелүү №20-21 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы Бабуржон Дадабаев каналдагы сууга агып, ажал тапты. Чек ара аскерлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, чек арачы 31-июлда ысыкта сууга түшөм деп, каналдагы суунун катуу агымынан чыга албай калган. Анын шериги менен жергиликтүү тургундар жардам берүүгө үлгүрбөй калышкан.

Чек ара аскерлиги бул окуяны кокустук катары сыпаттап, суицид болду деген маалыматтарды четке кагууда. Маалыматка ылайык, маркум аскердин кызматын өтөп бүтөөрүнө бир ай калган. Азыр окуянын чоо-жайын Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы иликтеп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG