Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Бишкекте бүгүн “Мекендештер” форуму башталат


Бүгүн Бишкекте чет жердеги кыргызстандыктардын башын кошкон “Мекендештер” форуму башталат. Иш-чараны Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаеванын демилгелери фонду уюштурууда. Форумдун уюштуруу комитетининин төрайымы Элвира Сариеванын айтымында, ага дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн 250гө жакын кыргызстандык катышат.

Форум эки күнгө уланып, биринчи күнү четтеги диаспоралардын кызматташтыгы, аларды уюштуруу жана Кыргызстандагы бизнес, саламаттыкты сактоо, маданият, туризм, билим берүү жаатындагы маселелер талкууланат. Мында өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө Индиянын диаспоралар боюнча министри, Орусиядагы орус кызматташтык борборунун төрайымы катышаары күтүлүүдө.

Муну менен катар чет өлкөлөрдөгү Азамат Сыдыков, Райхан Айзанхут, Ширин Атагелдиева. Виктория Юртаева сыяктуу музыканттардын концерттери менен коштолот.

Кечээ, 1-августта Бишкекте “Замандаш" ассоциациясы уюштурган бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын алгачкы конгресси башталып, ага четтеги беш жүздөн ашык жарандар катышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG