Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:16

Бабанов: Бишкекте августтун аягында автоинспекция жоюлат


Кыргыз өкмөтү 31-августка чейин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалыкты (МАИ) жоюуну көздөөдө. Бул тууралуу премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Мекендештер” форумунда билдирди. Өкмөт башчы Бишкектен Ысык-Көлгө чейинки жолдо МАИ бекеттеринин алынышы натыйжа берип жатканын кошумчалады.

ИИМди реформалоо боюнча концепцияга ылайык, Кыргызстанда Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалык жоюлуп, Жол-кайгуул кызматы түзүлөт. Өкмөттүн июль айындагы жыйынында белгилүү болгондой, жол коопсуздугун күзөткөндөргө заманбап техника орнотулган унаалар берилет. 2012-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында видео камералар орнотулуп, көчөлөрдө бир дагы МАИчи болбойт.

Өкмөт бул концепцияны 1-сентябрга чейин карап чыгып, парламентке жөнөтөөрү кабарланган. (UA/KKs)

XS
SM
MD
LG