Франциянын түштүк-чыгышындагы Монтобан шаарчасында кечээ белгисиз бирөөлөр мечиттин кире беришине эки чочконун башын таштап кетишти. Шаар мэри Брижит Бареждин кеңсеси жасаган билдирүүдө кан аккан баштарды Салам мечитинин дарбазасына илип коюшканы айтылат. Шаар башчы мусулман коомчулугуна каршы мындай акаарат келтирген жорукту айыптады. Францияда болжолу менен 5 миллиондой мусулман жашайт.