АКШ коргоо министри Леон Панетта Тегерандын атомдук курал чыгаруусунун алдын алуу үчүн бардык чаралар, анын ичинде аскердик күч колдонуу каралаарын эскертти. Израилде визит менен жүргөн Панетта кечээ Ашкелондогу антиракеталык система менен таанышып чыкты. Израилдин коргоо министри Эхуд Барак Иранга каршы экономикалык санкциялардын натыйжалуулугу төмөн болуп жатат деген ою менен бөлүштү. Израиль Иранды өз мамлекетине түздөн-түз кооп жараткан өлкө катары сыпаттайт. Пентагондун башчысы Израиль жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдө Иранга каршы сокку уруу ыктымалдыгы тууралуу сөз болбойт деп буга чейин билдирген.