Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Сирия: Алеппо шаары үчүн салгылаш уланууда


Сирия президенти Башар Асад куралдуу күчтөрдүн “кылмышкер террордук топторго” каршы аракеттерин кубаттады. Козголоңчулар менен уруш элдин тагдырын аныктайт, - деди президент. Ал эми Алеппо шаары үчүн салгылашуулар уланууда. Аткылашуулар баш калаа Дамасктын жака белиндеги бир нече райондордо да болуп жатканы кабарланууда. Активисттердин айтымында, кечээ өлкө аймагы боюнча бери дегенде 90 киши набыт кетти. Би-Би-Синин кабарына ылайык, укук коргоочулар Асадга лоялдуу 4 кишинин Алеппо шаарында эл алдында атып өлтүрүлүшүн айыпташты. Шаршембиде ошондой эле Франция Сириядагы абалды БУУнун Коопсуздук кеңешинин министрлер жыйынында талкуулоого чакырды.

XS
SM
MD
LG