Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Бала асыроо боюнча бир нече аткаминерге чара көрүлдү


Чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүү маселеси боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бир катар кызматкерлерине чара көрүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин маалымат жана эл аралык кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Курманкул Жумалиев билдирди:

- Башкы прокуратуранын сунушу менен балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Екатерина Хорошманга сөгүш берилди. Ал эми кетирген кемчиликтери үчүн министрдин орун басары Гүлнара Дербишеванын жоопкерчилигин кароо сунушу өкмөткө жөнөтүлдү. Министрдин орун басарынын иши өкмөттүк деңгээлде каралмакчы.

Министрдин орун басары Гүлнара Дербишева болсо бала асыроо маселесинде олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун билдирип келет.

Буга чейин аталган министрликтин башчысы Равшанбек Сабиров бала асыроо боюнча сынакка катышкан чет элдик уюмдан пара алды деп айыпталып, ага кылмыш иши козголгон. Андан соң уруксат алган чет элдик 4 уюмдун ишин толугу менен, 6 уюмдуку убактылуу токтотулган.

Маалыматка ылайык, ушул тапта ишмердүүлүгү токтотулган чет өлкөлүк уюмдардын чоо-жайы териштилүүдө. Бул маселе министрликте өтүп жаткан бүгүнкү коллегияда да талкууланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG