Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Кашкарга жаңы аба каттам ачуу сунушталууда


Бүгүн Бишкекте кыргыз өкмөтү менен Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономдук районунун бийлик өкүлдөрү жолугушуп, эки тарап Кашкарга эл аралык аба каттамын ачууну тездетүүгө макулдашты. Бул тууралуу Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары жолугушууда кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн Бишкек - Торугарт - Үрүмчү жана Ош - Эркеч-Там - Үрүмчү» жолдорун ачуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча кызматташтыкты бекемдөө маселеси каралды. Эки тараптуу жыйын кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында өттү. (KKs)

XS
SM
MD
LG