Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Пентагондун башчысы Иорданияга келди


Иорданияга иш сапары менен келген АКШнын коргоо министри Леон Панетта падыша Абдалла II менен жолугушуп, Сириядагы кырдаалды талкууламакчы. Панетта Иорданияга келээрден мурда Тунис, Египет жана Израилде болуп, Сириядагы стабилдүүлүк үчүн АКШ колдон келишинче аракет кыларын айткан. Пентагондун башчысы “АКШ менен Иордания жардамга муктаж сириялык адамдарга эл аралык уюмдар менен бирге түрдүү жардам көрсөтүүнү колго алышыбыз керек”,- деди.

Сирияда жаңжал башталгандан бери Иорданияга 145 миң адам качып өткөн, жекшемби күнү Заатари шаарында 120 миң качкынга ылайык лагерь ачылды. БУУнун качкындар боюнча ведомствосунун маалыматына ылайык, Сирияны таштап Иордания, Түркия жана Ливанга качкан жай тургундардын саны 276 миңге жетти.

XS
SM
MD
LG