Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

Көлбаевдин кылмыш тобунун мүчөсү кармалды


Бүгүн Бишкек шаарында Октябрь РИИБсинин кызматкерлери Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун мүчөсү делген Максат Уруковду кармашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сеитов кабарлады.

Сеитовдун маалымдашынча, Уруков Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү жана Тоң районундагы кылмыштуу топтун башчысы болгон. Ал буга чейин талап-тоноо боюнча үч ирет соттолуп, жакында эле жазасын өтөп, абактан чыккан экен.

Кармоо учурунда анын жанынан Калашников үлгүсүндөгү автомат, ок жана бир нече бычак табылган.

Учурда шектүү Октябрь РИИБсине алынып келинип, көрсөтмө бере баштаганын Бакыт Сеитов кошумчалады.

Буга чейин 25-июлда Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп эсептелген Камчы Көлбаевдин жан жөөкөрү Адилет Касенов Бириккен Араб Эмираттарынан Бишкекке алып келинген.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” курган маегинде жакынкы эки ай ичинде кылмыш дүйнөсүнүн башчылары делген Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияев колго түшүрүлөөрүн билдирген эле.

XS
SM
MD
LG