Сирия боюнча эл аралык чабарман Кофи Аннан августтун аягында келишим боюнча иштөө убактысы бүтөөрү менен кызматын тапшырып берет. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун кабарлады. "Аннан кайрадан келишимди узартпайм деп чечти", - деди Пан Ги Мун.
Кофи Аннан Сирия боюнча эл аралык чабарман болуп ушул жылдын 23-февралында дайындалган. Ал алты пункттан турган тынчтык планын иштеп чыгып, ал планга бийлик да, оппозиция да макул болгон. Бирок эки тарап тең бул планды иш жүзүндө аткарбай коюшкан.