Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу концесcия аркылуу курулат


Кытай менен мындай макулдашууга жетишилгенин транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов билдирди. Султановдун айтымында, кыргыз бийлиги жол куруунун эки ыкмасын сунуштаган. Алардын бири концессия, экинчиси биргелешкен ишкана түзүү. Натыйжада министр эки тарап жолду концессия аркылуу курууну макулдашканын билдирди:

- Кытай тараптанбы, же башка жактанбы концессионер, башкача айтканда, жеке компания өзүнүн акчасын, мисалы 1,5-2 миллиард долларын салып жолду куруп, анан 10-15 жылга эсептеп акчасын пайдасы менен чыгарып алып, темир жолду бизге өткөрүп берет. Бир гана концессия жолу менен куруу тууралуу макулдашканбыз.

Буга чейин жолдун курулушун каржылоо чоң талкууга түшүп жаткан. Кытай тарап жол үчүн кен байлыктарды сураганы айтылган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун болжолдуу баасы 2 миллиард доллар деп бааланууда. Жолду 2018-жылга чейин куруп бүткөрүү пландаштырылып жатат.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG