Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Бишкек шаардык прокуратурасы Шадиевдин акталышына макул эмес


1-май райондук прокуратурасы 1-май райондук сотунун Энергетика министрлигинин жетекчилерин актаган чечимине макул болбой, шаардык сотко доо арыз даярдоодо. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин 27-июлда Биринчи май райондук сотунун судьясы Кымбат Аркарова энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев, анын мурдагы орун басары Кайрат Жумалиев, Электр станциялар ААКнын башкы директору Аман Тентиев жана Бажы кызматынын башкарма жетекчиси Аскар уулу Мирланды Казакстандын Кулан көмүр кенинен ташылып келген уулуу көмүргө тиешеси аныкталган жок деген негиз менен аларды актоо чечимин чыгарган.

Мындан улам Башкы прокуратуранын өкүлдөрү учурда Бишкек шаардык сотуна доо арыз даярдалып жатканын, жакынкы күндөрү тапшырыларын билдиришти.
Башкы прокуратура ушул жылдын феврал айында Аскарбек Шадиев баштаган бир нече адамга, уулуу көмүр боюнча кылмыш ишин козгоп, “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деп билдирген.

Былтыр күзүндө Казакстандын Кулан кенинен Кыргызстанга ташылып келген көмүрдүн радиациялык фону ченден 8-10 эсе көп экени аныкталган. Андан соң бул көмүр кайра Казакстанга жеткирилген. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG