Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Жети-Өгүздө жабыркаган орусиялык альпинистке жардам көрсөтүлдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Караколдогу башкармалыгынын башчысы Нарынбек Абиров билдирди. Маалыматка ылайык, Татарстандын Казан шаарынан келген альпинист Эльдар Валиулин 1-августта Жети-Өгүздөгү чокуларды багындырууга аракет жасап жатканда бутун сындырып алган.

Бул окуя тууралуу туристтик фирмалардын бири куткаруучуларга кабарлап, бирок аба ырайына байланыштуу ал күнү альпинистти тоодон түшүрүү мүмкүн болгон эмес.
Натыйжада кечээ кечке маал куткаруучулар тик учак менен жабыркаган альпинистти алып түшүп, ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

"Учурда Эльдар Валиулиндин абалы канааттандырарлык, анын жанында жүргөн дагы 6 альпинисттин абалы жакшы" деп билдирди Абиров.

Альпинист бүгүн мекенине жөнөтүлөт. (BkA/MK)

XS
SM
MD
LG