Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Пан Ги Мун Кофи Аннандын кызматынан кетүү чечимине өкүнүчүн билдирди


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана дүйнө лидерлери Сирия боюнча атайын өкүл Кофи Аннандын кызматынан кетүү чечимине өкүнүчүн билдиришүүдө.

БУУ менен Араб лигасынын чабарманы чечимин кечээ жарыялаган.

- Бүгүн Улуттар уюмунун жана Араб лигасынын баш катчыларын мандатым августтун этегинде аяктагандан кийин миссиямды улантпай турганым жөнүндө кабардар кылдым.

Чабарман Сириядагы кризисти жөнгө салуу боюнча планды иштеп чыккан. Бирок жаңжалдашкан тараптар аны аткарбай коюшкан. БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү да кан төгүүнү токтотуу боюнча мунаса табыша элек.

Аннан кечээ күнкү маалымат жыйынында Сирия эли конкреттүү иш-аракеттерге муктаж деп белгилеп, Коопсуздук кеңешин сындай кетти.

Пан Ги Мун Араб лигасы менен жаңы өкүл боюнча сүйлөшүп жатканын айтты.
Аннан бул кызматка февралда дайындалган. Былтыркы марттан бери уланып келаткан жаңжал 20 миңдей сириялыктын өмүрүн алып кетти. Он миңдеген адам жер которууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG