Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Бишкекте казакстандык укук коргоочуну колдогон митинг өтүүдө


Бишкектеги Башкы прокуратуранын имаратынан алдына казакстандык укук коргоочу Александр Осадченкону колдоп, 30га чамалуу адам митингге чыкты. Жактоочулардын бири Игорь Трофимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Осадченконун негизсиз кармалганын билдирген топ кыргыз бийлигин укук коргоочуну Казакстанга өткөрбөөгө, ага башпаанек берүүгө чакырууда. Александр Осадченко Бишкектеги биринчи тергөө абагында кармалууда.

Маалыматка ылайык, Казакстанда Осадченкого “көз бойомочулук кылууга аракет жасады” деп айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. 10-июнда укук коргоочу Бишкекте жүргөн жеринен Казакстандын атайын кызматынын өкүлдөрүнүн көмөгү менен кармалган.

Кечээ жактоочулар Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Осадченко Казакстандын Жаңы-Өзөн окуялары тууралуу билдирүүлөрү үчүн куугунтукталып жатканын айтышкан. Ошондой эле казакстандык укук коргоочу кыргыз президентинен башпаанек сурап жатканы кабарланган. Тышкы иштер министрлиги болсо андай кайрылуу келе электигин билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG