Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Бишкектин инфраструктурасына 1,5 млрд. сом бөлүнөт


Бул тууралуу премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн борбор калааны кыдыруу маалында билдирди. Анын айтымында, бул каражаттын негизги бөлүгү Түркия Кыргызстанга бере турган кредиттен турат. Акча Бишкектеги жолдорду курууга, инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир канча долбоорлорго жумшалат. Алардын негизгиси болуп жыл аягына чейин шаардагы түштүк магистралы аркылуу Дэн Сяопин жана Алма-Ата көчөлөрүн бириктирүүчү жол салынат. Бул жол тыгындарды азайтып, Бишкекке түштүк аймактардан келүүчү машиналарга ылайыктуу шарт түзмөкчү. (JJ/KKs)

XS
SM
MD
LG