Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевге арналган көргөзмө ачылды


Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 70 жыл мурда 5-августта жасаган эрдигине арналган көргөзмө бүгүн Гапар Айтиев атындагы Улуттук музейде ачылды. Музейдин басма сөз кызматы билдиргендей, көргөзмөгө 22ден ашуун эмгек коюлду. Алардын арасында Семен Чуйковдун 1943-жылы жараткан баатырдын портрети, Леонид Фейинбергдин эки графикалык беттен турган эмгеги жана Ольга Мануйлованын тарткан портреттери эл назарына коюлду.

Мындан сырткары аталган көргөзмөдө Кыргызстандан чыккан башка Советтик баатырлар Иван Панфилов, Дайыр Асанов, Дүйшөнкул Шопоков, Григорий Шемякиндин элесине арналган бир катар эмгектер бар.

Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылы 5-августта Воронеж фронтунда өз денеси менен дзоттун оозун жаап, советтик армиянын чабуулдук арекетине ыңгайлуу шарт түзүп берген эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG