Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Waterstones “Жамиля” повестин айдын китеби деп тапты


Британиядагы Waterstones китеп сатуучу түйүн Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестин август айынын китеби катары тандады. Бул тууралуу түйүндүн расмий сайты билдирүүдө. Waterstones буга чейин жаңы басылган жана эң көп сатыла турган китептерди “айдын китеби” деп жарыялап келген.

"“Жамиля” китеби убактысы, болгон жери, керек болсо үнү боюнча да сиздер бул жылы окуган китептердин баарынан айырмаланып турат”,-деп түйүндүн китеп сатуучусу Изабел Попле окурмандарга кайрылган.

“Жамиля” повести 1958-жылы жазылган. Француз жазуучусу, акын Луи Арагон бул чыгармага “дүйнөдөгү махабат жөнүндө эң мыкты баян” деген баасын берген.

2007-жылы Жейс Риордандын котормосунда басылып чыккан "Жамиля" повестинин Waterstones түйүнүндөгү азыркы баасы орто эсеп менен 11 долларды түзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG