Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы бүгүн билдиргендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында текстиль продукцияларын мыйзамсыз алып өтүү боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, 29-июлда Өзбекстандан чыккан текстиль продукциялары жүктөлгөн эки жүк ташуучу машине Кыргызстандын чегине киргенде кармалган. Контрабандалык товардын өлчөмү 2 миллион сом деп бааланып, жүктүн ээси камакка алынды. (KKs)