Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:47

Британия Сирияга гуманитардык жардамды көбөйтөт


Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг сириялык козголоңчуларга гуманитардык жардам көбөйтүлөрүн билдирди. Ал эл аралык чабарман Кофи Аннандын кызматтан кетүү тууралуу чечимине кабатырлануусун билдирип, бул жагдай Сирия кризисин чечүүдө дипломатиялык аракеттерге терс таасирин тийгизерин айтты.

Сирияда өкмөттүк күчтөр Алеппо шаарындагы козголоңчулардын турумун аткылоону улантышты.

Укук коргоочулардын маалыматында, 2-августта Дамаскка жакын Ярмук аттуу палестиналык качкындар лагеринде болгон атышууда 21 киши мерт болгон.
Сириянын адам укуктарына көз салган борборунун билдиришинче, 2-августта өлкөдө 180 киши набыт болду. Хама шаарында эле 60 киши өлтүрүлгөн. Анын ичинде аялдар жана балдар бар.

Бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясы Сирия боюнча резолюцияны талкуулап жатат.

XS
SM
MD
LG