Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:00

Түндүк Корея БУУдан азык-түлүктөн жардам сурады

Катуу суу каптоодон улам Түндүк Корея БУУга жардам сурап кайрылды. Бийликтин расмий билдирүүсүнө караганда, жаратылыш кырсыгы бери дегенде 119 кишинин өмүрүн алып кетти. Ондогон тургундар үй-жайсыз калды. Жабыркаган аймактарда болуп келген БУУнун кызматкерлери инфраструктурага жана айыл чарбага келтирилген зыян өлкөдө тамак-аш тартыштыгын күчөтүп жибергенин билдиришти. Суу ташкынына чейин өлкөдө узакка созулган кургакчылык болгон. Эл аралык "Кызыл чырым" комитети Түндүк Кореяга 300 миң доллар каражат которо турган болду.
​
XS
SM
MD
LG