Монголиянын мурдагы президенти Намбарын Энхбаяр коррупциялык иштери үчүн күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары соттун чечимине ылайык, анын 19 миң долларга бааланган мүлкү конфискацияланат.
Экс-президент ушул жылдын апрель айында камалган жана сот жараяны Улуттук телеканалдан көрсөтүлдү. Сот аяктаган соң мурунку мамлекет башчы ага каршы айыптоолор саясий мүнөзгө ээ экендигин билдирди. Башта сот аны жети жылга кескен, бирок жаза өтөө мөөнөтү үч жылга азайтылды.
Намбарын Энхбаяр Монголиянын президенти болуп 2005-2009-жылдары иштеди.