Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Аба ырайы: жаан жаабайт


Аба ырайын маалымдоочу борборунан кабарлашкандай, 4-августта тоолордо жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. 5-августта жаан жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35 градус ысык болот.
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33 градус,
Баткен облусунда түнкүсүн 13...18 күндүз 28...33 градус,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34 градус,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градустун тегерегинде ысып, аймактарга жараша өзгөрүп турат.
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 27…32 градус ысыйт.
Суусамырда түнкүсүн 1...6 градус, күндүз 21…26 градус,
Тоолордо түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз 9…14 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 33…35 градус ысык болот

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 3-августта күндүз 22 градус, 4-августтун таңында 21 градус болду. (KE)

XS
SM
MD
LG