Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Болгарияда чечен жана түрк жарандары кармалды


Болгарияда “Интерполдун” издөөсүндө жүргөн бир чечен жана бир түрк кармалды. Болгар полициясынын маалымдашынча, 47 жаштагы чеченстандык Махмуд Гадамури жана 29 жаштагы түркиялык Эрхан Полатер жума күнү чек ара полициясы өткөргөн эки башка операция маалында колго түшкөн. Алар үй-бүлөлөрү менен Румыниядан Болгарияга кирип келатышканда кармалды. Эки жума мурда Болгариянын курортторунун биринде жанкечти жардырган бомбадан израилдик беш турист өлгөн. Полиция түркиялык жана чеченстандыктын ошол бомба чабуулуна тиешеси жок экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG