Сирия Батыш өлкөлөрүнүн санкциясын жеңилдетүү үчүн Орусиядан карыз сурады. Сириянын финансы министри Мухаммед Жлейляти билдиргенге караганда, кредит Сириядагы экономикалык кризис менен күрөшүү үчүн зарыл жана өтүнүчтү Москва чечип беребиз деп сөз берген. Кремль расмий билдирүү жасай элек. Бирок “Московский комсомолец” гезити Сириянын вице-премьер-министри Кадри Жамилге шилтеп, Дамаск карызды акчалай сураганын жана Москва азыркы жагдайда Сирияга экономикалык колдоо көрсөтөрүн жазды.
Жамил менен Москвада жүргөн башка расмий адамдар Сирия Орусиядан дизел майын жана башка мунай продукцияларын да сурап жатканын айтышкан.
Жамил менен Москвада жүргөн башка расмий адамдар Сирия Орусиядан дизел майын жана башка мунай продукцияларын да сурап жатканын айтышкан.