Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

Ооган парламенти эки министрди кызматтан айдады


Ооганстандын парламенти өлкөнүн ички иштер жана коргонуу министрлерине ишеним көрсөтүлбөсүн деп добуш беришти жана президент Хамид Карзайдан бул экөөнүн ордуна жаңы министрлерди дайындоону талап кылышты.

Парламент мүчөлөрүнүн айтышынча, коргоо министри Абдул Рахим Вардак жана ички иштер министри Бисмулла Мухаммади Пакистандын чек арага тилкеш айыл-кыштактарды аткылоосу, анын айынан жүздөгөн адамдардын там-жайын калтырып качуусу үчүн жооптуу.

Депутаттар ошондой эле бул эки министрликтеги жемсөөлүккө да президенттин көңүлүн буруп, тезинен фактыларды териштирип, тийиштүү адамдарды жоопко тартууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG