Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Cирияда уурдалган ирандык 49 зыяратчыдан дайын жок


Cириянын экинчи ири шаары Алепподо катуу салгылашуулар уланууда. Маалыматтарга караганда, көтөрүлүшчүлөрдүн өңүттөрүнө артиллерия жана авиация сокку уруп жатат. Президент Башар Асаддын өкмөтү эрегишчилер Алепподогу акыркы өңүттөрүнөн сүрүлүп салганын маалымдады.

Дамаск шаарына чукул жердеги шииттердин ыйык жайынан ишемби күнү уурдалган ирандык 48 зыяратчыдан болсо дарек жок. Ирандын дипломаттары жана Сириянын өкмөттүк телеканалы зыяратчыларды “куралдуу топтор” уурдады дешип, адаватчылар тарапка ишара кылышты.

БУУнун эсебинче, Сирияда 17 айдан бери тынчыбай жаткан кандуу булоондо 19 миң адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG