Бүгүн Ысык-Көл облусунда кишинин иммундук таңсыктык вирусу (КИВ/ВИЧ) менен жашаган адамдардын алгачкы форуму башталды. “КИВ менен жашагандардын биримдиги” тарабынан уюштурулган форум “Биз биргебиз, биз күчтүүбүз” деген ураандын астында өтүүдө. Биримдиктин жетекчиси Бурул Исаеванын “Азаттыкка” кабарлашынча, форумга вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова баштаган саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү да катышууда. Иш-чара Кыргызстанда жайылып жаткан ВИЧ/СПИД коркунучуна каршы токтоосуз аректтерди көрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгууну максат кылат.
2012-жылдын июль айындагы соңку маалыматка ылайык, Кыргызстанда 4миң 307 ВИЧ оорулуу бар. (KKs)
2012-жылдын июль айындагы соңку маалыматка ылайык, Кыргызстанда 4миң 307 ВИЧ оорулуу бар. (KKs)