Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Аба ырайы: 6-августта жаан жаабайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 6-августта Кыргызстанда дээрлик жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36 градус ысык болот. Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34; Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34 градус ысык. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, 30…35 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…14, күндүз 22…30 градустун тегерегинде ысып, аймактарга жараша өзгөрүп турат. Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32 градус ысык болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 34…36 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 4-августта күндүз 22, ал эми 5-августта эртең менен 21 градус жылуу болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG