Түркиянын түштүк-чыгышында аскерлер менен күрт козголоңчулары ортосунда болгон урушта 19 киши набыт болду. Жешембиге оогон түнү болгон кагылышта эки аскер, кыштактын эки күзөтчүсү жана 11 күрт адаватчы өлгөнүн Иракка чектеш Хаккари провинциясынын губернатору Орхан Алимоглу Анадолу агенттигине айткан. Салгылашта 15 жоокер жарадар болгон.
Күрт калктуу бу аймакта эки жума мурда ушундай окуядан кийин армия Күрт жумушчу партиясы - КЖПнын аскердик базаларына чабуул койгон. Чабуулга 2 миңдей жоокер тартылган.
КЖПны Түркия жана көпчүлүк өлкөлөр террорчу уюм деп тааныйт. 1984-жылдан бери Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрттөр жыш жашаган аймактарда КЖПнын согушчандары уюштурган калабада 45 миңдей адам набыт болгону айтылып жүрөт.