Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Тажикстанда чек ара боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Тажикстандын Исфара шаарында чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн паритеттик комиссиясы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Өкмөттүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул жолку сүйлөшүүлөрдө негизги маселе катары мунаса табылбай келе жаткан Лейлек районундагы Максат - Кулунду көпүрөсү жайгашчу аймак каралат. Кыргыз тарап 78 гектарды ээлеген бул жер аркылуу Тажикстанга көз карандысыз жол курууну баштай албай келет. 2-августта башталган кезектеги сүйлөшүүлөр 7-августта аяктамакчы. (JsA/KKs)

XS
SM
MD
LG