Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Лондон-2012: Данияр Көбөнов да утулуп калды


Грек-рим күрөшү боюнча Лондон олимпиадасына катышып жаткан 74 килограмм салмактагы Данияр Көбөнов биринчи беттешүүсүндө эле утулуп калды. Биринчи беттеш 3:0 эсебинде армениялык Арсен Жулфалакяндын пайдасына аяктады. Эгер армениялык балбан финалга чыкса, сооротуучу бөлүктө Данияр Көбөнов коло медал үчүн күрөшмөкчү.

Саналуу мүнөттөр мурда грек-рим күрөшү боюнча 55 килограмм салмактагы Арсен Эралиев да ирандык атаандашына утулуп калган.

Бүгүнкү 42 чакырым, 195 метрлик марафондо кыргызстандык Юлия Андреева-Архипова маарага 60-болуп келди.

Кыргызстандын олимпиада комитети Данияр Көбөнов менен Арсен Эралиев баштаган балбандар Лондон олимпиадасында ийгилик жаратаарына үмүт артып жаткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG