Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Лондон 2012: балбандар Эралиев менен Көбөнов сооротуучу мелдешке чыкты


Лондон олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча катышып жаткан 55 кг. салмактагы Арсен Эралиев менен 74 кг. салмактагы Данияр Көбөнов сооротуучу мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алды. Эралиев биринчи эле беттешүүдө ирандык Хамид Сорянга, Данияр Көбөнов болсо армениялык Арсен Жулфалакянга утулуп калган болчу. Эреже ылайык, финалга чыккан балбандан утулгандар дагы бири-бири менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Кыргызстандык балбандар утулгандар арасындагы сооротуучу таймашта биринчи болсо коло медалга ээ болмокчу.

Лондон олимпиадасынын расмий сайты маалымдагандай, азыр сооротуучу мелдештин жадыбалы белгилүү болду. Ага ылайык, 55 килограмм салмактагы Арсен Эралиев венгриялык Петер Модос менен күрөшөт (Бишкек убактысы боюнча 22:45те).

74 килограммдык Данияр Көбөнов болсо белорусиялык Аляксандр Кикиниоу менен беттешет (Бишкек убактысы боюнча 23:15те). Мындан тышкары алтын үчүн күрөшө турган экинчи финалисттен утулгандар да ушундай эле жол менен күрөшүп, уткандар коло медал үчүн ат салышмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG