Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

“Кийиз дүйнө” фестивалы башталат


Бүгүн Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында “Кийиз дүйнө” фестивалы башталат. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чара ата-бабадан калган бул кол өнөрчүлүккө көңүл буруу, аны өнүктүрүү максатын көздөйт. Алгачкы фестиваль негизинен кыргыздардын көч салтына арналат. Ошондой эле кийизден жасалган кийимдер көргөзмөсү, жергиликтүү уз-усталардын колунан чыккан буюм-тайымдардын жарманкеси өтөт.

Уюштуруучулар мындай иш-чараны мындан ары жыл сайын өткөрүп турууну пландаштарып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG