Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:47

Ала-Букадагы Кыргын мечити кайра ачылды


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Сафед-Булан айылындагы Кыргын деп аталган мечит оңдолуп, кайра пайдаланууга берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» мечиттин кызматкери Хасанхан Мажитов билдирди. Анын айтымында, мечитти жаңылоо үчүн Бириккен Араб Эмираттарынан келген ишкерлер каржылык колдоо көрсөткөн. Эки миң кишиге ылайыкталган мечитти жаңылоого 90 миң доллар сарпталды.

Кыргын мечити 7-кылымда курулган деп айтылып келет. Азыр ал архитектуралык эстеликке айланган. Мечитти көрөбүз деп келген туристтер көп.

Түрдүү маалыматтар боюнча, Мухаммед Жарир аттуу киши башында турган үч миңге чукул мусулман мечитте намаз окуп жаткан учурда Нуг деген уруунун өкүлдөрү аларды кырып салган, ошондон улам Кыргын мечити деп аталып калган.Совет доорунда Кыргын мечити урап, бузулуп кеткен болчу. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG